28 сентябрь 2023

Кароолор: (52)

МАШЫГУУ: КЫШКЫ МЕЗГИЛДЕ ЖЫЛУУЛУК СИСТЕМАСЫ ИШТЕН ЧЫГЫП, ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ ТҮЗҮЛГӨН УЧУРДА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ПУНКТУ КАНДАЙ ТАРТИПТЕ ИШТЕЙ ТУРГАНДЫГЫ КӨРСӨТҮЛДҮ

Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата уюштурулган иш-чаранын экинчи бөлүгү Жалал-Абад шаарындагы стадиондордун биринде улантылды. Ал жерге Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан чатырлар тигилип, кышкы мезгилде жылуулук системасы иштен чыгып, өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурда жарандарды кабыл алуу пункту кандай тартипте иштей тургандыгы көрсөтүлдү.

 Иш-чара 5-октябрь - Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата уюштурулган. Анын негизги максаты - өзгөчө кырдаалдарда калктын жүрүм турум саясатын түзүү, элдерге ар тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

 Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү Кыргызстанда жыл сайын белгиленип келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз