26 февраль 2024
Кароолор: (55)
МАРКУМДУ ЖЕРГЕ БЕРҮҮДӨ МАЛ-ЖАНДЫК СОЙГОНДОРГО АЙЫП ПУЛ САЛЫНАТ

Жалал-Абад шаардык мэриясы ысырапкорчулуктун алдын алуу максатында жарандарга маркумду жерге берүүдө мал-жандыктардын союлбашы керектигин эскертет. Эскертүүгө баш ийбеген жарандарга карата айып салынат. Андыктан, баарыңыздарды ысырапкорчулуктан алыс болууга чакырабыз Белгилей кетсек, Президенттин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду жерге берүүдөгү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын турмушка ашыруу максатында, каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды, үйлөнүү-үлпөт тойлорун, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү жана маркумга арналган иш-чаралардын өткөрүлүшүн көзөмөлгө алуу боюнча шаардык мэриянын алдында атайын жумушчу топ түзүлүп, учурда иш алып барууда.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз