18 ноябрь 2025
Кароолор: (57)
МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИ СПУТНИК ЖАНА КӨК-АРТ АЙМАКТЫК БАШКАРУУЛАРЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
17-ноябрь күнү, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Спутник жана Көк-Арт аймактык башкарууларынын жашоочулары менен бекитилген график боюнча кезектеги жолугушуусун өткөрүп, алардын көйгөйлөрүн укту.
Жолугушууга шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилерида катышып, жыйын суроо-жооп форматында өткөрүлдү. Анда электр энергиясы, жылуулук, коомдук транспорт, турак жай, мектеп жана балакчалардын тартыштыгы, жолдорго асфальт төшөө сыяктуу бир катар маселелер айтылып, шаар мэри айтылган көйгөйлөр боюнча жеринде жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз









