03 октябрь 2025
Кароолор: (39)
МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИ ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

2-октябрь күнү, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардагы мектептердин 8-9-10-11-класстарында билим алып жаткан окуучулар менен жолугушту. Жолугушууда шаар башчысы окуучуларга калаада орун алып жаткан өсүп-өнүгүүлөр, алдыдагы пландар боюнча кеңири маалымат берди. Андан соң окуучулардын суроо-сунуштарын угуп, алардын келечектеги ой-максаттарына, тилектерине ортоктош болду.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара Манас шаардык прокуратурасы тарабынан окуучулардын патриоттуулук сезимин ойготуу, мекенге болгон сүйүүсүн, жоопкерчилигин жана билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз