04 ноябрь 2025
Кароолор: (122)
МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИ ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ
Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Бахрейнде өткөн спорттун гамма түрү боюнча Азия оюндарында ийгилик жараткан спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын куттуктады.
Мелдешке Манас шаарынан 6 спортчу катышып, 3 спортчу ийгиликке жетишкен. Тактап айтканда, Эржан Камалдинов 3-орунду, Фирдаус Эргешов 3-орунду ал эми Мухаммадрасул Кадирдинов 2-орунду ээлеген.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков жаш спортчуларды спорт менен катар билим алууга да өзгөчө көңүл бурууга чакырып, Кыргызстандын желегин ар дайым бийик желбиретиштерине тилектештигин билдирди.
Ийгилик жараткан спортчулар Манас шаарындагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда тарбияланышат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз





