03 октябрь 2025

Кароолор: (36)

МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИ ЭРНИСБЕК ОРМОКОВ "ДОСТУК" АЙМАКТЫК БАШКАРУУСУНУН ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 Жолугушууга шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү жашоочулар катышты.

 Алгач, шаар башчысы жашоочуларга 2025-жылдын ушул мезгилине чейин жасалган жумуштар боюнча маалымат берип, алдыдагы шаарды өнүктүрүү планы менен бөлүштү.

 Андан соң аталган аймактык башкаруунун жашоочулары тарабынан бир катар социалдык, коммуналдык көйгөйлөр айтылып, аларды чечүү боюнча жеринде жетекчилерге тапшырмалар берилди. Ал эми айрым көйгөйлөр келерки жылдын бюджетине киргизиле тургандыгы белгиленди.

 Ошондой эле жергиликтүү аксакалдар тарабынан бир катар шаар турмушуна, келечегине байланышкан сунуштар көтөрүлүп, ыраазычылыктар айтылды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз