30 октябрь 2025

Кароолор: (242)

МАНАС ШААРЫНДАГЫ №2 САРКЫНДЫ СУУЛАРДЫ ТАЗАЛООЧУ ЖАЙЫ РЕКОНСТРУКЦИЯЛООДОН ӨТКӨРҮЛҮП, ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

 Бүгүн, 30-октябрда Манас шаарынын “Манас Сууканал” башкармалыгынын №2 саркынды сууларды тазалоочу жайына жаңыдан курулган курулмалар, реконструкциялоодон өткөрүлгөн имараттары пайдаланууга берилди.

 Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов жана “ Манас Сууканал” башкармалыгынын эмгек жамааты катышты.

 Саркынды сууларды тазалоочу жай Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан каржыланып, жалпы 5 млн. 489 430 евро акча каражат сарпталды. Ага административдик-чарбалык имарат толугу менен реконструкциялоодон өткөрүлүп, механикалык тазалоочу, биологиялык тазалоочу жай, эки даана экинчи тик тазалоочу курулмулар курулду.

Ошондой эле воздуховод-гидролиздик жабдуу менен жабдылып, башкы насостук станция курулду.

 Белгилей кетсек, буга чейин Манас шаарындагы №2 саркынды сууларды тазалоочу жайы суткасына 8 миң метр кубга чейин саркынды сууларды кабыл алып келген болсо, жаңы курулганы суткасына 20 миң метр куб саркынды сууларды кабыл алууга ылайыкташкан.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз