18 ноябрь 2025

Кароолор: (67)

МАНАС ШААРЫНДА ЖАШТАР ЖАНА СТУДЕНТТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө жана 17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата Манас шаарындагы облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын алдында шаар бийлиги жана жаштар кеңеши тарабынан майрамдык иш-чара уюштурулду. Ага Манас шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, шаардагы окуу жайлардын студенттери катышты.

Анда Гулбарчын Таштанбекова студенттерди жана жаштарды майрамы менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Мындан сырткары, Манас шаары Кыргызстандын жаштар шаары аталганын кошумчалап, бул өз кезегинде жаштарга мындан ары да ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө боло тургандыгын белгиледи.

Майрамдык кече концерттик программа, кызыктуу оюн-зооктор менен коштолуп, активдүү катышкан жаштарга белектер берилди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз