22 октябрь 2025

Кароолор: (6)

МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫЛ ТҮМӨНБАЕВАНЫН 80 ЖЫЛДЫК МААРЕКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

 21-октябрда Манас шаарында Кыргыз ССР Жогорку Советинин IX-XI чакырылыштагы депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаеванын 80 жылдык маарекесине арналган “Жаңыл Түмөнбаева - Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүүгүсүндө, регионалдык башкарууда,

лидердик жана кесипкөйлүктүн феномени" аталышындагы

илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жаңыл Түмөнбаева, белгилүү коомдук-саясий ишмерлер, Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

 Шаар башчысы Жаңыл Түмөнбаеваны 80 жылдык маарекеси менен куттуктап, мамлекеттик бийлик бутактарындагы жооптуу жетекчилик кызматтары, өлкөбүздүн өнүгүүсүндө зор салым кошкондугун белгиледи.

 Белгилей кетсек, Жаңыл Түмөнбаева 1945-жылы 20-февралда Чүй облусунун Панфилов районунда туулган. Эмгек жолу 1969-жылы инженер-технолог кызматынан башталып, Фрунзе шаардык комитетинин катчысы, Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри, Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, Чүй облустук кеңешинин төрайымы, Токмок шаардык администрациясынын башчысы, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары, Кыргызстандын тышкы соода жана өнөр жай министринин орун басары ж.б., мамлекеттик жооптуу кызматтарында иштеген.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз