06 октябрь 2025
Кароолор: (25)
Манас шаарында социалдык камсыздоо жана миграция кызматкерлеринин спартакиадасы болуп өттү

Манас шаарында социалдык камсыздоо жана миграция кызматкерлеринин спартакиадасы болуп өттү
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулуп, ага Жалал-Абад облусундагы райондук, шаардык башкармалыктардын кызматкерлери катышты.
Иш-чарага мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова да катышып, социалдык коргоо кызматкерлердин түйшүктүү, жооптуу иштерине ийгилик каалап, 100 жылдык маарекеси менен куттуктады
Мелдеш спорттун беш түрү (воллейбол, 1000 метрге чуркоо, мини-футбол, шахмат, аркан тартыш) боюнча өтүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз