29 октябрь 2025

Кароолор: (208)

МАНАС ШААРЫНДА МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАКЫН ЖАЙГАШКАН ДҮКӨНДӨР ТЕКШЕРИЛДИ

 Манас шаарынын мэриясы тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери менен биргеликте мектептерге жакын жайгашкан дүкөндөргө рейд өткөрдү. Рейддин жүрүшүндө соода түйүндөрүндөгү жаш балдар көп алуучу азыктардын сертификаттары, курамы жана жарамдуулук мөөнөтү текшерилип, сапаты талапка жооп бербеген, курамы күмөн жараткан жана балдардын ден соолугуна кооптуу делген таттууларды, азык-түлүктөрдү сатпоо талабы коюлду.

 Ошондой эле, 18 жашка толбогон өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдиктерди, тамекилерди жана энергетикалык суусундуктарды

сатууга тыюу салынаары жана дүкөндөрдүн айланасын таза кармоо керектиги эскертилди

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз