27 октябрь 2025
Кароолор: (24)
МАНАС ШААРЫНДА МАВЛИД КЕЧЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ
24-октябрда Манас шаарында Мухаммед пайгамбардын урматына арналган «Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. - жаратылыштагы эн улуу үлгү» аталышында мавлид кечеси уюштурулду.
Кечеге Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган дин аалымдары, имамдар катышты.
Калаа мэри өз сөзүндө пайгамбарыбыздын жарык жолу - адамзаттын бардык тарабынан үлгү экендигин айтып, мавлид кечеси ар бир жаранга руханий жаңылануу тартуулашына тилектеш экендигин билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө дин аалымдары тарабынан катышуучуларга Мухаммед (с.а.в) пайгамбардын өзгөчөлүктөрү, мавлид кечесинин максаты тууралуу баяндар айтылды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз






