04 ноябрь 2025
Кароолор: (117)
МАНАС ШААРЫНДА МАДАНИЯТ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
3-ноябрда Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында Маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди.
Салтанаттуу иш-чарага Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, маданият кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.
Анда калаа башчысы Эрнисбек Ормоков маданият тармагында талыкпай эмгектенген өнөр ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бир катар кызматкерлерге Манас шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.
Иш-чаранын алкагында Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын эмгек жамааты тарабынан “Нурамандын ак чатыры” спектакли келген конокторго көрсөтүлдү. Мындан сырткары Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын, Жалал-Абад маданият сарайынын, Жалал-Абад маданият техникумунун, М.И.Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинин, “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун жана көркөм сүрөт мектебинин эмгек жамааттары тарабынан биргелешкен чоң программадагы концерт тартууланды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз








