17 октябрь 2025
Кароолор: (16)
Манас шаарында “Билим жана илимге кызмат кылган кесиптик бирликке 100 жыл”аталышындагы иш-чара болуп өттү

Иш-чарага Манас шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басары Каныбек Маманов, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Манас шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков, мектеп мугалимдери жана коноктор катышты.
Гүлбарчын Таштанбекова кесиптик бирлик - билим берүү тармагындагы миңдеген мугалимдердин, окутуучулардын укугун коргоп, алардын эмгегин татыктуу баалоого салым кошо алгандыгына токтолуп, жалпы кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле, бир катар кызматкерлерге мэриянын Ардак грамотасын тапшырды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз