27 октябрь 2025
Кароолор: (39)
МАНАС ШААРЫНДА БАТКЕН ОКУЯСЫНЫН АЯКТАГАНДЫГЫНЫН 25 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
24-октябрда Манас шаарында эл аралык куралчан террорчуларды жок кылууда курман болгон жоокерлер эскерилди.
Иш-чарага Манас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова, Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, Баткен согушунун ардагерлери, апаатта каза болгондордун жакындары катышты.
Миргүл Эгемова Баткен окуясы элдин сабырын, кайратын сынаган оор учур болгонун белгилеп, мекен үчүн жанын аябаган баатырлардын эрдиги элдин жүрөгүндө түбөлүк кала тургандыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 1999-2000-жылдары Баткен окуясына Манас шаарынан 200 жоокер катышып, алардын 12си баатырларча курман болгон болгон.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз









