31 октябрь 2025
Кароолор: (87)
МАНАС ШААРЫНДА "АРИЕТ" БАЛДАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫК БОРБОРУНУН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ
30-октябрда Манас шаарында “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун үч кабаттуу жаңы имараты ачылды.
Ачылуу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урмат Самаев, Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, ата-энелер жана окуучулар катышты.
Камчыбек Ташиев чыгармачылык борбордун жаңы мекемелүү болушу менен куттуктап, мекеме өнөрлүү балдардын өркүндөшүнө чоң өбөлгө түзө тургандыгын белгиледи.
Имарат 3 кабаттан туруп, 200 орунга ылайыкташкан. Мында ар багыттуу 25 ийрим боюнча 1300дөн ашуун окуучу билим алууда.
Курулуш иштери бир жыл ичинде аяктап, демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз









