17 ноябрь 2025

Кароолор: (57)

МАНАС ШААРЫНДА 9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

14-ноябрда Манас шаарынын мэриясында 9 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегия болуп өттү. Ага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басарлары жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

 Күн тартибинде 3 маселе каралды:

1. Шаардын 2025-жылда социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 3-кварталдагы жыйынтыктары жана 4 кварталга койгон милдеттери жөнүндө;

2. Аткаруучулук тартип. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтомунун жана “Жарандардын кайрылуулуарын кароо тартиби” мыйзамынын аткарылышы жөнүндө;

3. 2025- 2026-жылдарга күз- кыш мезгилине даярдыгынын жүрүшү боюнча мекеме, ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө;

Алгач, 9 ай ичинде шаарда аткарылган жумуштар боюнча ар бир тармактын бөлүм башчылары докладдарды окушуп, берилген суроолорго жооп беришти.

Андан соң Эрнисбек Ормоков шаардын 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча мекеме-ишканалардын даярдыгы боюнча маалыматьарын угуп, бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, отканаларды суюлтулган газ менен иштөөгө өткөрүү, калкты жана социалдык мекемелерди үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу боюнча үзгүлтүксүз негизде иш алып баруу жагын жетекчилерге милдеттендирди.

Шаар башчысы коллегияда саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, эне жана балдардын өлүмүнүн алдын алуу, дарыгерлердин жетишсиздигин жоюу боюнча чараларды көрүү жагын тиешелүү жетекчилерге милдеттендирди.

Мындан сырткары, "Манас сууканал" жана "Манас тазалык" ишканаларына келерки жылдын жергиликтүү бюджетинен каражат бөлүнбөй тургандыгын эскертип, жетекчилерине каржы маселесине олуттуу көңүл буруу тапшырмасын берди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз