17 октябрь 2025

Кароолор: (19)

Манас шаары "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагында 1-орунду жеңип алды

 

 Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагында Манас шаары биринчи орунду жеңип, 3 млн. сом сыйлыкка ээ болду. Ал эми аталган сынакта Нарын шаары экинчи орунду ээлеп 2 млн. сом, Кара-Көл шаары үчүнчү орунду ээлеп, 1 млн. сомго ээ болду.

 Сынактын жыйынтыктоочу этабына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана башка бир катар шаарлардын жетекчилери, комиссия курамы катышты.

 Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков сыйлык катары каралган 3 млн. сом кайра эле балдарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында пайдаланыла тургандыгын белгиледи. Тагыраагы, ал каражатка мэриянын карамагындагы "Алтын балалык лагерине" кошумча коттедждер курула тургандыгын айтты. Аталган лагерде жыл сайын 200дөн 300гө чейин аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген, камкорчуларынан ажыраган балдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен акысыз эс алып келишет.

 Белгилей кетсек, "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагы 2019-жылдан бери эки жылда бир өткөрүлүп келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз