09 июнь 2023

Кароолор: (62)

Манас көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөлөт

Жалал-Абад шаарындагы Манас көчөсүнүн 2 чакырым аралыгына жаңыдан асфальт төшөө үчүн даярдоо иши жүрүп жатат. Аталган көчөнүн асфальтын жаңылоо менен эки тарабына кеңдиги 2 метр болгон тротуар, темир-бетон арык куруу жана жарыктандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

 Аталган көчөнү реконструкциялоо Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.

 Белгилей кетсек, 2 млрд. сомго шаарда жалпы 13 курулуш объект бүткөрүлөт.