02 октябрь 2025

Кароолор: (73)

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ЖАЗЫЛБАГАН КӨРНӨК-ЖАРНАКТАРГА РЕЙД ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

 1-октябрда Манас шаарында мамлекеттик тил эрежелерин сактабаган ишкерлерге айып пул салынды.

 Мэриянын тийиштүү кызматтардан түзүлгөн комиссия курамы калаадагы тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактарга кезектеги рейдин уюштурду. Анда Т.Байзаков проспектисиндеги "Байэл" базарынын айланасындагы соода түйүндөрү кайрадан текшерилди. Буга чейин эскертүү берилген ишкерлерге 17 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ал эми мамлекеттик тил мыйзамына каршы келген көрнөк-жарнактарды алуу боюнча айрым ишкерлерге бир айлык мөөнөт берилди.

 Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы "Мамлекеттик тил жөнүндө" Конституциялык Мыйзамына ылайык, маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылуусу зарыл.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз