20 август 2025
Кароолор: (22)
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ЖАЗЫЛБАГАН КӨРНӨК-ЖАРНАКТАРГА РЕЙД ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Жалал-Абад шаарынын мэриясы тийиштүү кызматтардан түзүлгөн комиссия курамы менен шаардагы мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактарга рейд уюштурду. Рейддин жүрүшүндө Т.Байзаков проспектисиндеги "Байэл" базарынын айланасындагы соода түйүндөрү текшерилип, мамлекеттик тил мыйзамына каршы келген көрнөк-жарнактарды алуу боюнча ээлерине эскертүүлөр берилди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы мамлекеттик тил жөнүндө Конституциялык Мыйзамына ылайык, маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылуусу зарыл.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз