23 август 2023

Кароолор: (45)

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ЖАЗЫЛБАГАН КӨРНӨК-ЖАРНАКТАРГА РЕЙД УЛАНЫП ЖАТАТ

Бүгүн, 22-август күнү Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова баштаган комиссиялык топ шаардагы мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактарга рейд уюштуруп, анын алкагында Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрү текшерилди. Анда мамлекеттик тилде жазылбаган 30дай жарнамалар, кулактандыруулар менчигинин түрүнө карабай алынды.

 Алдыда мындай текшерүү Жалал-Абад шаарынын бардык аймактарында улантылат.

 Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы мамлекеттик тил жөнүндө Конституциялык Мыйзамына ылайык, маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл болгон учурда башка тилдерде жол-жоболоштурулат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз