10 февраль 2025
Кароолор: (93)
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ЖАЗЫЛБАГАН КӨРНӨК-ЖАРНАКТАРГА ЭСКЕРТҮҮЛӨР БЕРИЛДИ

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан мамлекеттик тил эрежелерин сактабаган, аталышы чет тилинде жазылган соода жайларына жарнамаларын кыргыз тилинде илүү боюнча эскертүү берилди.
Эгерде эскертүү берилгенден бир ай аралыгында жарнактар кыргызчаланбаса, эскертүүсүз алынып, айып пул салынаары айтылды.
Мындан сырткары, башка тилдердеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылуусу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү Конституциялык мыйзамынын 11-26 -беренелерине ылайык, жарнамалар, кулактандыруулар, прейкурсанттар жана башка маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде жол –жоболоштурулат.
Мындан сырткары, 107-беренеге ылайык, адабий тилдин ченемдерине ылайык келбеген уят сөздөрдү камтыган тексттерди пайдалануу, маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштыруу, илүүгө тыюу салынат.
Конституциялык мыйзамды жана мамлекеттик тил чөйрөсүн жөнгө салуучу башка мыйзам актыларын бузгандар жана сактабагандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Тагыраагы, жеке жактарга 5500сом, юридикалык жактарга 17000 сом өлчөмүндө айып бул салынат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз