18 ноябрь 2024

Кароолор: (166)

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ЖАЗЫЛБАГАН КӨРНӨК-ЖАРНАКТАРГА ЭСКЕРТҮҮЛӨР БЕРИЛДИ

 Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан мамлекеттик тил эрежелерин сактабаган, аталышы чет тилинде жазылган соода жайларга жарнамаларын кыргыз тилинде илүү боюнча эскертүүлөр берилди. Эгерде эскертүү берилгенден бир ай аралыгында жарнактар кыргызчаланбаса, эскертүүсүз алынаары айтылды. Мындан сырткары, башка тилдердеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылуусу зарылдыгы айтылды.

 Эске салсак, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү Конституциялык мыйзамынын 11-26 –беренелерине ылайык, жарнамалар, кулактандыруулар, прейкурсанттар жана башка маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде зарыл учурларда башка тилдерде жол –жоболоштурулат.

 Конституциялык Мыйзамды жана мамлекеттик тил чөйрөсүн жөнгө салуучу башка мыйзам актыларын бузгандыгы жана сактабагандар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз