18 август 2023
Кароолор: (55)
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ЖАЗЫЛБАГАН КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР АЛЫНУУДА

Бүгүн, 17-август күнү Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова баштаган комиссиялык топ шаардагы мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактарга рейд уюштурду. Анда мамлекеттик тилде жазылбаган жарнамалар, кулактандыруулар менчигинин түрүнө карабай алынды.
Алдыда мындай текшерүү Жалал-Абад шаарынын бардык аймактарында улантылат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы мамлекеттик тил жөнүндө Конституциялык Мыйзамына ылайык, маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл болгон учурда башка тилдерде жол-жоболоштурулат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз