22 ноябрь 2023

Кароолор: (62)

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЭРЕЖЕЛЕРИ САКТАЛБАГАН ЖАЙЛАРДАГЫ ЖАЗУУЛАР АЛЫНДЫ

 Бүгүн, 22-ноябрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан шаар аймагындагы мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган, кыргыз тилинде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактар, аталышы чет тилиндеги соода жайларынын жазуулары алдырылды. Аларга аталган комиссия тарабынан бир ай мурда эскертүү берилип, бирок алар белгиленген талаптарды аткарган эмес.

 Эске салсак, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү Конституциялык мыйзамынын 11-26 –беренелерине ылайык, жарнамалар, кулактандыруулар, прейкурсанттар жана башка маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде андан кийин расмий тилде зарыл учурларда башка тилдерде жол –жоболоштурулат.

 “Башка тилдердеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылууга тийиш” деп жазылган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз