11 апрель 2024
Кароолор: (61)
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЭРЕЖЕЛЕРИ САКТАЛБАГАН КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР АЛЫНДЫ

Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган, аталышы чет тилинде гана жазылган соода жайларынын жазуулары алдырылды. Аларга аталган комиссия тарабынан буга чейин бир нече жолу оозеки жана жазуу түрүндө да эскертүүлөр берилген. Бирок белгиленген талаптар аткарылган эмес. Ошондой эле, жол боюнда орунсуз коюлуп, тоскоолдук жараткан жарнамалык тактайчалар (баннерлер) да алынды.
Алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү Конституциялык мыйзамынын 11-26 –беренелерине ылайык, жарнамалар, кулактандыруулар, прейкурсанттар жана башка маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде андан кийин расмий тилде зарыл учурларда башка тилдерде жол –жоболоштурулат.
“Башка тилдердеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылууга тийиш”,-деп жазылган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз