11 сентябрь 2023

Кароолор: (71)

МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ ӨТКӨРҮП ЖАТКАН "ЧЕК ТАЛАП КЫЛЫП, БАЙГЕ УТУП АЛ!" ЛОТЕРЕЯСЫ ЭМИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА

 Жалал-Абад шаардык мэриясы жергиликтүү бюджеттен 1000000 сом акча каражатын бөлүп, шаардыктардын чек талап кылып, байге утуп алуу мүмкүнчүлүгүн арттырды. Ал үчүн сиз “Салык чек” тиркемесине кирип, менюдан аты-жөнүңүз жазылган жеке маалымат бөлүмүнө кирип, аймактардын арасынан Жалал-Абад облусун жана Жалал-Абад шаарын тандап, сактоо баскычын басыңыз. Ошондо сиз бир ID билет менен Мамлекеттик салык кызматы тарабынан өткөрүлүп жаткан лотереяга жана Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан лотереяга катыша аласыз.

 Белгилей кетүүчү жагдай, “Салык чек” тиркемесиндеги аймактардан Жалал-Абад шаары тандалбаган жана ККМ чектери Жалал-Абад шаарындагы соодай жайларынан, тейлөө кызматтарынан алынбаган чектер Жалал-Абад шаарындагы лотереяга катыша албайт.

 Лотереянын баш байгеси 100 миң сом. Мындан сырткары жеңүүчү аталган 3 ID билетке 50 миң сомдон, 25 ID билетке 10 миң сомдон жана 100 ID билетке 5 миң сомдон белек берилет.

 "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын Жалал-Абад шаарында өзүнчө уюштурулуп жаткан лотереясы 2023-жылдын 21-октябрь күнү "Курманбек" стадионунда өткөрүлөт.

 ЧЕК ТАЛАП КЫЛЫП, БАЙГЕ УТУП АЛУУГА ШАШЫЛЫҢЫЗДАР

 КОШУМЧА МААЛЫМАТ БЕРИЛЕТ...

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз