28 ноябрь 2024
Кароолор: (34)
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз катчысы Жылдыз Бекбаева журналисттерге жана жарандарга "Топтомо ипотека" боюнча маалымат берди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 “Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.
Бул Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Ал “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому менен “Элдик Банк” ачык акционердик коомунун “Топтомо ипотека” продуктусун ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз