04 ноябрь 2024
Кароолор: (39)
МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
1-ноябрь күнү, Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында Маданият кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, мэриянын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова, маданият кызматкерлери, студенттер жана шаар тургундары катышты.
Гүлбарчын Таштанбекова коомдун күзгүсү болгон өнөр ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бир катар кызматкерлерге Жалал-Абад шаардык мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.
Иш-чаранын алкагында Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын, Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын, Жалал-Абад шаардык маданият сарайынын, Жалал-Абад маданият техникумунун, М.И.Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинин өнөрпоздору тарабынан биргелешкен чоң программадагы концерт тартууланды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 2-ноябрда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип келет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз