24 август 2023

Кароолор: (56)

ЛЕНИН КӨЧӨСҮНҮН БИР БӨЛҮГҮ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ

Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары жана коноктору

 Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн Баймурза Ботобаев, Сатывалдиев жана Курманбек көчөлөрү менен кесилишкен аралыгы эрте, 24-август күнү таңкы саат 7:00дөн 18:00гө чейин жол чийиндерин чийүү жумуштарына байланыштуу жабылат.

 Жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алып, башка көчөлөр аркылуу каттам жүргүзүп турушуңуздарды суранабыз