08 июнь 2023

Кароолор: (50)

Ленин көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөлөт

Жалал-Абад шаарынын негизги көчөсү болгон Ленин көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөө үчүн даярдоо иши жүрүп жатат. Учурда көчөнүн эки тарабына темир-бетон арык куурлары жаткырылууда.

 Алдыда эки четине тротуар курулуп, аталган көчөгө толугу менен (3,5 чакырым) жаңыдан асфальт төшөлөт. Мындан сырткары көрктөндүрүү, жашылдандыруу иши жүргүзүлөт.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында быйыл 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.