10 август 2023

Кароолор: (49)

Ленин көчөсүнө асфальт төшөлө баштады

 Жалал-Абад шаарынын негизги көчөлөрүнүн бири болгон Ленин көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөлүп, жолдун эки четине тротуар курулуп, темир-бетон арык куурлары жаткырылууда.

 Жолдун узундугу 3,5 чакырым, туурасы 22 метрди түзөт.

 Аталган көчөнү реонструкциялоо республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен каржыланып, ушул жылдын октябрь айына бүткөрүү белгиленген.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 2023-жылы 20 чакырым жолго асфальт төшөп, 13 чакырым тротуар куруу пландалган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз