28 июль 2023

Кароолор: (57)

Ленин көчөсүндөгү кароосуз калган скверди реконструкциялоо башталды

 Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан (Автобекеттин жаны) 8200 чарчы метрди түзгөн скверди реконструкциялоо иши башталды. Алдыда паркка таштаман төшөлүп, жарыктандыруу, отургучтар орнотулуп, оргума (фонтан) курулат. Мындан сырткары, декоративдик бак-дарактар отургузулуп, газон себилет.

 Сквердеги курулуштар октябрь айына бүткөрүлөт.

 Реконструкциялоо иши жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз