18 июнь 2025
Кароолор: (24)
КЫЗДАРДЫН ЭРТЕ НИКЕГЕ ТУРУУСУНУН ЖАНА ТӨРӨШҮНҮН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ОТУРУМ БОЛУП ӨТТҮ

17-июнда Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жыйындар залында шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, муниципалдык аймактык башкаруу мекемелердин башчылары, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун өкүлдөрү, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана дин өкүлдөрүнүн катышуусунда отурум болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова кыздардын эрте никеге туруусу жана төрөшүнүн алдын алуу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин күчөтүп, ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, эрте турмуш куруунун ден-соолукка да психологиялык абалына да таасир этээрин эске алып, тиешелүү кызматкерлерге бир нече тапшырмаларды милдеттендирди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз