28 март 2024

Кароолор: (53)

Кызамык оорусунун алдын алуу жана кургак учук менен күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өттү

 Бүгүн, 28-мартта Жалал-Абад шаардык мэриясында кызамык илдетинин алдын-алуу жана кургак учук менен күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өттү.

Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов, шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана аймактык башкармалыктардын башчылары, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында акыркы убакта балдар арасында кызамык оорусунун күч алгандыгы белгиленип, акыркы 3 айда Жалал-Абад шаары боюнча 176 учур катталгандыгы айтылып, балдарды эмдөөдөн өткөрүү зарылдыгы баса белгиленди.

Мындан сырткары, кургак учуктун бир айлыгынын алкагында иш-чаралар планы бекитилип, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.

Соңунда кызамык жана кургак учуктун алдын-алуу боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү тапшырмалары тиешелүү жетекчилерге берилди.

 Белгилей кетсек, 14-марттан тарта Жалал-Абад шаары боюнча кызамык оорусуна каршы кошумча эмдөө кампаниясынын экинчи этабы башталып, бүгүнкү күнгө карата шаар боюнча балдарды эмдөөдөн өткөрүү көрсөткүчү 58% га жеткен.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз