03 июль 2024
Кароолор: (70)
КЫЗАМЫК ООРУСУН АЛДЫН АЛУУГА БАГЫТТАЛГАН ТӨГӨРӨК СТОЛ БОЛУП ӨТТҮ

Кызамык оорусунун алдын алууга жана аны даарылоого багытталган төгөрөк стол болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Кыргыз Республикасынын саламаттыктты сактоо министрлигинин республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун өкүлдөрү, облус аймагынан келген даарыгерлер, Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби жана жергиликүү жетекчилер катышты.
Жолугушууда кызамык оорусунун алдын алуу жолдору, эмдөөдөн өтүүнун зарылдыгы туурасында талкуу жүргүзүлдү.
Кызамык - кооптуу оорулардын бир түрү. Аны даарылоонун атайын механизими жана даарысы ойлоп табыла элек. Дарыгерлер аталган ооруну симптомдорго жараша гана даарылоо жүргүзүп келет. Андыктан, дарыгерлер бул ооруга алдын ала эмдөө жүргүзүү зарылдыгын белгилешет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз