28 сентябрь 2023
Кароолор: (56)
КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 27-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жөө жүрүш жана практикалык машыгуу көргөзмөсү өткөрүлдү. Ага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, ӨКМдин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы Алмаз Асанов, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, облустук жана шаардык Жарандык коргонуу кызматтары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, студенттер, мектеп окуучулары жана шаар тургундары катышты.
Иш-чара 5-октябрь - Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата уюштурулган. Анын негизги максаты - өзгөчө кырдаалдарда калктын жүрүм турум саясатын түзүү, элдерге ар тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү Кыргызстанда жыл сайын белгиленип келет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз