26 сентябрь 2023

Кароолор: (53)

КЫРГЫЗСТАНДЫН КУБОГУН ЖЕҢГЕН "МУРАС ЮНАЙТЕДДИН" ОЮНЧУЛАРЫНА 200 МИҢ СОМ СЫЙЛЫК БЕРИЛДИ

Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын кубогун жеңген "Мурас Юнайтед" футболдук клубунун оюнчуларын сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков катышып, футболчуларды ийгилиги менен куттукташты. Ошондой эле, Абсаттар Сыргабаев резервдик фондунан 200 миң сом акча каражатын тапшырды.

 Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, ыр-бийлер тартууланды.

 Белгилей кетсек, “Мурас-Юнайтед” командасы 16-сентябрь күнү Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын кубогуна арналган футболдук беттеште “Абдыш-Ата” футболдук клубун 2:1 эсебинде жеңип алган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз