26 июнь 2024

Кароолор: (63)

КЫРГЫЗСТАНДЫН ФУТБОЛ БОЮНЧА U-20 ЖАШТАР КУРАМА КОМАНДАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА КЕЛДИ

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча жаштар курама командасы Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын чемпионатына | CAFA U-20 Championship 2024 турнирине машыгууларды өткөрүү жана турнирге катышуу үчүн келди.

Жаш футболчуларды "Жалал-Абад" аэропортунан шаар мэри Эрнисбек Ормоков, спортчулар жана футболчулардын күйөрмандары тосуп алды. Анда сөз сүйлөгөн шаар мэри жаш футболчуларга алдыдагы турнирде ийгилик каалады.

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Жалал-Абаддагы «Барселона» академиясында машыгуу өткөрөт.

Белгилей кетсек, CAFA U-20 Championship 2024 турнири Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда 5-июлдан 12-июлга чейин өткөрүлөт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз