25 июнь 2024
Кароолор: (77)
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЛГАЧКЫ VAR СИСТЕМАСЫ ТЕСТТЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

Бүгүн, 20-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда Кыргыз Республикасындагы алгачкы VAR – калыстарга видео жардам системасынын тестти орун алды.
Аталган системанын тестирлөөсү «Барселона» футбол академиясынын жана «Мурас-Юнайтед» жаштар U-16 командалардын оюнунда орун алды.
Тестирлөө Азия футбол конфедерациясынын VAR боюнча Өзбекстандык адиси Саидов Жахонгир, Кыргыз футбол биримдигинин Калыстар бөлүмүнүн өкүлдөрү Спартак Даниленко жана Скопинцев Артемдун жетекчилиги алдында өттү. Аталган адистердин айтымында тестирлөө ийгиликтүү болду.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз