16 февраль 2024

Кароолор: (46)

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ОРУСИЯНЫН АЙМАКТАРЫНЫН ДОСТУК ПАРКЫН КУРУУ БОЮНЧА МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЮЛДУ

15-февралда Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын аймактарынын достук паркын куруу боюнча Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Антон Ветошкин макулдашууга кол койду.

 Парк 8 гектардан ашуун аянтты түзүп, 170 млн. рубль сарпталат.

 Сейил бактын долбоорунда коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, парк павильондору, веложолдор, балдар аянтчалары, ролик аянтчасы, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле баскетбол, кичи-футбол ойноо үчүн спорттук кластерлердин курулушу каралган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз