16 апрель 2025

Кароолор: (140)

КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

 

 Жалал-Абад облустук Б.Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында Кыргызстан аялдар кеңешинин 100 жылдыгына карата облустук Аялдар кеңеши тарабынан “Аялдар-тарых жаратуучулар” аттуу форум болуп өттү.

 Форумга Жалал-Абад шаарынын мэриясынын уюштруу иштери жана персоналдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Маликахан Мустапакулова, шаардык кеңештин депутаттары, республикалык Аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева, Жалал-Абад облустук Аялдар кеңешинин төрайымы Бактыкан Ажимаматова жана ар тармакта эмгектенген аялдар катышты.

 Иш-чарада Кыргызстандын тарыхында көрүнүктүү айымдардын басып өткөн жолдору сахналаштырылып, айымдардын колунан жаралган кийимдердин көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле, иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз