25 сентябрь 2025
Кароолор: (15)
“КЫРГЫЗ ТИЛИМ – БАЙЛЫГЫМ, КОМУЗ КҮҮСҮ КАЙРЫГЫМ” АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
Бүгүн, 23-сентябрда Манас шаарында Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 36 жылдыгы жана 9-сентябрь - Комуз күнү белгиленди.
Майрамдык иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Каныбек Маманов, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Назгүл Шамшыбек кызы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, окуу жайлардын студенттери катышты.
Мэр өз сөзүндө мамлекеттик тилдин орду бардык тармакта бекемделип жаткандыгын белгилеп, мындан ары да аны урпактарга таза жана өнүккөн абалда тапшыруу милдет экендигин кошумчалады.
Иш-чаранын алкагында тил боюнча баяндамалар жасалды. Ошондой эле кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлерге мэриянын Ардак грамоталары, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын атайын төш белгилери тапшырылды.
© 2022-2025 All rights reserved








