26 июль 2024
Кароолор: (124)
“Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына 100 жыл - тарыхы жана азыркы учур” темадагы мыкты сүрөт, видеоролик жана баян боюнча сынак жарыялайт

“Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына 100 жыл - тарыхы жана азыркы учур” темадагы мыкты сүрөт, видеоролик жана баян боюнча сынак жарыялайт
Аталган сынакка 14 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат (жеке жактар же чыгармачыл жамааттар).
Сынактын номинациялары: “мыкты сүрөт”, “мыкты видеоролик”,“мыкты баян”, “көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнүн сыйлыгы”.
Белгилей кетчү жагдай, сынактык иштер милдеттүү түрдө сынактык иштин автордук аталышы, автордун аты-жөнүн (чыгармачыл жамааттын аталышы), жашын көрсөтүү менен түшүндүрмө текстти (плакаттар үчүн) камтууга тийиш.
Сынактык иштер 2024-жылдын 1-октябрына чейин Жалал-Абад шаарынын прокуратурасынын j-abadprok@mail.ru электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.
Сынактын катышуучулары +996 (3722) 2-18-30, 0554 404 351 телефон номурлары аркылуу толук маалымат алса болот.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз