17 май 2023

Кароолор: (65)

Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Мурат Абдыкадыровдун жаркын элесине арналган биринчи Эл аралык мелдеш өтүп жатат

 Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу, дене тарбия жана спорттун отличниги, спорттун бокс түрү боюнча эл аралык жана азиялык спорт чеберлерин даярдаган Абдыкадыров Мурат Султановичтин жаркын элесине арналган бокс боюнча 2009-2010 –жылы туулган өспүрүмдөр арасындагы биринчи Эл аралык турнирдин ачылуу аземи болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Эрланбек Ахмедов, мэриянын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев, КРнын эмгек синирген машыктыруучусу Бакытбек Рыскулов, маркумдун жубайы, машыктыруучулар жана спорт күйөрмандары катышты. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан жалпы 200дөн ашуун спортчулар катышууда. Алар 42 кг дан 70 кг га чейинки салмак чен бирдигинде күч сынашат. Мелдеш 20-майда жыйынтыкталат. Жеңүүчүлөргө дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер тапшырылат.  Эске салсак, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Мурат Абдыкадыров өзүнүн өрнөктүү өмүрүн спорттун бокс түрү боюнча спортчуларды тарбиялоого арнаган. Ал 2022-жылы 63 жашында дүйнөдөн кайткан.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз