11 апрель 2025
Кароолор: (31)
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛДЕРИНИН ДОСТУК “НООРУЗ” МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

10-апрель күнү Жалал-Абад облустук Б.Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында Кыргыз-Өзбек элдеринин достук “Нооруз” майрамы белгиленди.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов, Өзбекстан Республикасындагы кыргыздар диаспорасынын өкүлдөрү, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын уюштруу иштери жана персоналдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Маликахан Мустапакулова, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары, шаар тургундары катышты.
Иш-чарада Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониясынын жана Өзбекстандан келген өнөр ээлери тарабынан эки элдин достугун даңазалаган ыр-күүлөр жаңырды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз