22 октябрь 2024
Кароолор: (66)
Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата аталган объектилердин ачылуу аземи болуп өттү.

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, ИИМдин АБПнун 3-батальонунун Жалал-Абад облусу боюнча атайын операциялар отрядынын, Жалал-Абад ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын жана Жалал-Абад ОИИБдин Медициналык кызматынын имараттары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
21-октябрда Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата аталган объектилердин ачылуу аземи болуп өттү.
Ачылуу аземге Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Уларбек Исмаилов, ардагерлер катышты.
Ошондой эле, Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтында 18 даана кызматтык автоунаанын ачкычы тапшырылды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз