26 апрель 2024

Кароолор: (20)

КЫРГЫЗ ЭЛ АКЫНЫ ТАЗАГҮЛ ЗАКИРОВАНЫН 75 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИ ЖАНА "ПОЭЗИЯ-АРУУ ДҮЙНӨ" АТАЛЫШЫНДАГЫ КИТЕБИНИН БЕТ АЧААР АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

 Иш-чара Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өтүп, ага Жалал-Абад шаардык кеңишин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мэриянын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Кубанычбек Шерматов, акын-жазуучулар, аталган окуу жайдын мугалимдери жана студенттер катышты.

Поэзиянын көрүнүктүү өкүлү, коомдук ишмер, Кыргыз Эл акыны

Тазагүл Закирова 1948-жылы Сузак районунда жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылык жолу 1963-жылы башталып, «Космоско учту» аттуу эң алгачкы ыры жарыяланган. Андан бери акындын ондогон китептери жарык көргөн.

Ал эми «Ырыстын тагдыры», «Анипа жана кыргыз сурмасы», «Уркуядан уланган жол», «Аялдын монологу» аттуу ж.б. даректүү видеофильмдерди тарткан.

 Акынга 1996-жылы Кыргыз Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы берилсе, «Уркуядан уланган жол» тасмасы үчүн "2000-жылдын мыкты режиссёру" наамы ыйгарылган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз