25 декабрь 2024
Кароолор: (247)
КЫЛМЫШТУУЛУКТУН ЖАНА ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ОКУУЧУЛАРГА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Жалал-Абад шаарынын Ч.Айматов аймактык башкаруусу тарабынан кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу, эрте турмуш куруу, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча тийиштүү кызматкерлердин, мугалимдердин жана мектеп окуучуларынын катышуусунда “Сенин келечектеги кесибиң” аталышындагы иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин факультеттери менен таанышып, окуу жай боюнча кызыккан суроолоруна жооп алышты.
Мындан сырткары, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн "Курманбек" аймактык милиция бөлүмчөсүнүн ишмердүүлүгү менен таанышып, милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз